Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Вашингтон Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт


АКШ бийлиги Орусиянын коргоо жана тышкы иштер министрлери менен жогорку деңгээлде сүйлөшүү жүргүзөт. Атын атагысы келбеген кызматкердин айтымында, АКШнын мамкатчысы Жон Керри жана коргоо министри Чак Хагел жума күнү орусиялык кесиптештери - тышкы иштер министри Сергей Лавров менен коргоо министри Сергей Шойгуну Вашингтондо күтүп жатышканын айткан.

Тараптардын “2+2” деп аталган жолугушуусу Орусия АКШда тыңчы деп айыпталып жаткан Эдвард Сноуденге башпаанек берген соң Вашингтон менен Москванын мамилеси чыңалгандан кийинки байланыш болмокчу. Москванын чечиминен кийин АКШ президенти күзүндө Орусияда Путин менен жолугушууну ойлонуп көрөрүн билдирген.

XS
SM
MD
LG