Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:43

Баткен: швейцариялык турист аскадан учуп жан берди


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 5-август күнү Лейлектин Өзгөрүш айылына жакын тоолордо үч турист аскадан түшө албай калганы тууралуу маалымат түшкөн. Кечээ аталган министрликтин куткаруучулары жана атайын даярдыктагы альпинисттер тик учак менен барып, эки турист куткарылды. Ал эми Мона Клейн аттуу турист учуп кетип, денеси аскага асылып калган. Анын сөөгүн алып түшүү иштери бүгүн улантылып жатканын министрликтен кабарлашты.(BkA)

XS
SM
MD
LG