Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 3 адам мерт кетти


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, кечээ кечкурун Ысык-Көлдөгү Түп-Кеген унаа жолунун 5 -чакырымында жол кырсыгы катталып, 3 адам мерт кетти. Анда "Тойота-Лендкрузер” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Натыйжада, унаадагы 3 киши кырсык болгон жерде каза таап, 1 адам жабыркады. Каза болгондордун бири 14 жашаар өспүрүм.

Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугу башкармалыгынын маалыматында, быйыл жол кырсыктары былтыркыга караганда эки эсеге жакын көбөйгөн. Былтыр алты айда 2038 жол кырсыгы катталып, каза тапкандардын саны 370 адам болсо, быйыл ушул эле мезгил аралыгында 3017 кырсык катталды. Анын кесепетинен 453 адам мерт болду.(BkA)

XS
SM
MD
LG