Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:28

Социал-демократтар депутатка кол салгандарды тезинен табууну суранышууда


Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Бостери айылдык кеңешинин депутаты Чынара Молдошевага кол салуу боюнча ишти дыкат тергөөнү өтүнүп Ички иштер министрлигине кайрылды. Анда Турсунбеков Молдошева Бостеридеги бир катар коррупциялык иштерди ачыкка чыгарганын, буга чейин да ага бир нече жолу коркутуулар болгонун билдирген.

Бостери айылдык кеңешинин депутаты, Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Чынаркүл Молдошеваны белгисиз бирөөлөр 2-августтан 3-августка оогон түнү атып кетишкен. Учурда депутат Бишкектеги ооруканада жатат. Маалыматтарга ылайык, депутаттын мурдуна ок тийген. Учурда абалы туруктуу. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон. Бирок кол салгандар табылбай жатат. Ички иштер министрлиги Молдошевага депутаттык ишмердүүлүгүнөн улам кол салынышы мүмкүн деп билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG