Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:29

Кытайлык ишкерди өлтүрүүгө шектелгендер кармалды


Бишкектеги “Фуджин” оптикалык борборунун кожоюну Гуан Жун Чандын өлүмүнө шектүү эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кармалгандардын бири мурдагы милиция кызматкери болуп чыкты. Алдын ала божомолдор боюнча, шектүүлөр кытай ишкеринен опузалап акча алып жүрүшкөн. 25-июлда да жолугуп, акча талап кылышкан. Ага Чан макул болбогон соң ур-тепкиге алып Бишкектеги темир жолдун боюна таштап кетишкен. Араңжан кытайлык ишкер ооруканада эсине келбей каза тапкан. Ишкердин жубайы Чан акыркы жолу Бишкектин Свердлов райондук милициясына кеткенин, анын өлүмүнө милиция кызматкерлеринин тиешеси болушу мүмкүн деп айтып чыккан. Аталган милиция бөлүмүнөн мындай божомолду төгүнгө чыгарышууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG