Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева кабарлады. Анын айтымында, бүгүн элчиликтин кызматкерлери Москвадагы мигранттар лагерине барып, ал жерде кармалып турган 4 кыргызстандыктын абалы менен таанышты. Аларга аты-жөнүн тастыктаган документтери жана кийим-кечелери жеткирилди.
Анда белгилүү болгондой, кыргызстандыктардын саламаттыгы жакшы. Алардын үчөөсү 10 күн ичинде Кыргызстанга депортацияланат. Ал эми бир жаран кармалган учурда ысымын жашырып койгону үчүн, депортациялоо маселеси созулушу мүмкүн.
Москва бийлиги 1-августтан тарта шаардагы мыйзамсыз жүргөн мигранттардын бардыгын мекенине депортациялоо максатында атайын алар үчүн чатыр лагер уюштурган.(BuS\BkA)