Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:00

Түркияда Чыңгыз Айматовдун айкели тургузулат


Кыргызстандын Түркиядагы маданият күндөрүнүн алкагында Түркияда Чыңгыз Айтматовдун айкели тургузулат.

Маданият, туризм жана маалымат министрлигинен билдиришкендей, маданият күндөрү ушул күздө өткөнү жатат. Анда Түркиянын ар кыл шаарларында кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөлөрү, адабий кечелер, кыргыз кинолорунун жумалыгы жана Кыргыз, Орус, Ош драма театрларынын, Улуттук филармониянын чыгармачыл сапарлары уюштурулат. Ошол эле маалда Кыргызстанда да Түркиянын маданият күндөрү белгиленүүдө. Анын алкагында Бишкекте бул өлкөнүн мурдагы президенти Тургут Өзалдын айкели тургузулмакчы.(BkA)

XS
SM
MD
LG