Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:42

Москвада, Новосибирскиде жүздөгөн мигрант кармалды


Москванын ички иштер бөлүмү кабарчыларга бүгүн кармалган бир миңден ашык киши азыр полиция тарабынан текшерилип жаткандыгын билдирди. Рейдге 400дөй тартип коргоочу катышты.

Новосибирск шаарында полиция 400гө жакын мигрантты кармап кеткенин Ички иштер министрлигинин жергиликтүү башкармалыгы билдирди. Кармалгандардын 90% өзбек, кыргыз, тажиктер экендиги айтылууда.

27-июлда Москва базарындагы мушташта полициячы башынан катуу жаракат алгандан бери Орусияда массалык кармоолор жүргүзүлүп жатат. Москвада ачылган атайын жайда камалгандардын арасында төрт кыргызстандык бар экендиги такталган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен маалымдашкандай, Москвада мигранттар лагериндеги 4 кыргызстандык депортацияланат. Элчиликтин билдиришинче, төртөөнүн саламаттыгы жакшы. Үчөө 10 күн ичинде Кыргызстанга депортацияланат. Ал эми бир жаран кармалган ысымын жашырып койгону үчүн кылмыш жообуна тартылышы мүмкүн. (JCH/TD/BuS)

XS
SM
MD
LG