Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:16

Алматыда көз карандысыз гезит жабылды


Казакстандын мурдагы баш калаасында көз карандысыз гезитке үч айга тыюу салынды. Сот Рауза Мосакожаева бүгүн жарыялаган чечимге ылайык, «Правдивая газета» канча нуска менен чыгаарын туура көрсөткөн эмес. Жумалык гезиттин редакторлору сот саясий чечим кабыл алгандыгын айтууда.

Апрел айында Алматынын полициясы гезиттин биринчи чыккан нускасын конфискациялаган эле. Анда бийликтер басылманы качан чыга баштарын так көрсөткөн эмес деген кине коюшкан. Ал айда Европа парламенти Казакстанды саясий, басма сөз жана диний эркиндиктерди сыйлабайт деп сындаган резолюция кабыл алган эле.

XS
SM
MD
LG