Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Кенияда улуу оттон борбордук аба бекет жабылды


Бүгүн эртең менен чыккан чоң өрттөн улам Африкадагы эң ири унаа хаптарынын бири саналган Найробидеги "Жомо Кеняатта" эл аралык аба бекети жабылып калды. Бийликтердин билдиришинче, өрт учуулар бөлүмүндөгү иммиграция секторунан чыгып, башка бөлүмдөргө тарады. Кабарларга караганда, чатырдын бир бөлүгү урап түштү, эл аралык жүргүнчүлөрдүн залы толугу менен өрттөнүп кетти. Өрттүн себеби белгилүү эмес, жабыр тарткандар тууралуу кабарланган жок. Ис урган эки киши ооруканага жаткырылды. Өрт бир нече саатта барып өчүрүлдү. Бардык аба каттамдары мухит жээгиндеги "Момбасса" аба бекетине жөнөтүлүүдө. Найробинин аба бекети Чыгыш Африкадагы учактар эң көп каттаган аэропорт болгондуктан, бүт аймакта бир топ каттамдардын үзгүлтүккө учурашы күтүлөт.

XS
SM
MD
LG