Ак үйдөн жолдогон кайрылуусунда АКШнын президенти өзүнүн жана жубайынын атынан Америкада жашаган жана бүткүл дүйнөдөгү мусулман журтчулугун Орозо Айт майрамы менен куттуктаган. Андан тышкары куттуктоодо ыйык Рамазан айында согуштан жабыркап, үй-жайынан безүүгө аргасыз болгон cириялыктар үчүн АКШ бийлиги 195 млн. доллар орозо битир бөлгөнү айтылат.