Келерки жылга эки тараптуу сүйлөшүүгө катышуу үчүн Кыргызстандын Коргоо министрлигинин атайын делегациясы Американын Тампа шаарына кетти. Коргоо министрлигинен “Азаттыкка” кабарлашкандай, сүйлөшүүлөрдө АКШнын тиешелүү өкүлдөрү менен 2014-жылга аскердик кызматташтык планы талкууланат.
Делегацияны КР Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын башчысы Нурлан Чомоев жетектеп жүрөт.(ZKo)
Делегацияны КР Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын башчысы Нурлан Чомоев жетектеп жүрөт.(ZKo)