Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, шаршембиде өкмөттүн алдындагы Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуу боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйынында аталган уюмдарга жол картасын талкуулашты. Анда жол картасындагы айрым кемчиликтерден улам аны 15-августка чейин кайрадан иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.
Бажы Биримдигине азыр Орусия, Беларус жана Казакстан мүчө. Былтыр январдан тарта уюмга мүчө үч мамлекет түзгөн Жалпы экономикалык мейкиндикте акча, жумушчулар, түрдүү тейлөөлөр жана товарлар эркин алмаша баштаган. Бул өлкөлөр 2015-жылга Европа Биримдиги сыяктуу Евразия экономикалык биримдигин түзүүнү максат кылууда. Кыргызстан бул уюмга 2014-жылдын аягына чейин кошулууну көздөөдө.(BkA)