Маданият, туризм жана маалымат министрлигинин билдиришинче, маданият күндөрү ушул күздө өтмөкчү. Ал залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналат. Анын алкагында, коңшу өлкөдө кыргыз киносунун жумалыгы, кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү жана Кыргыз театрларынын чыгармачыл сапарлары уюштурулат. Министрликте атайын түзүлгөн топ учурда бул иш-чарага даярдык көрүүдө.(BkA)