Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:37

ИИМ академиясын өзгөртүү сунушталууда


Мындай долбоорду өкмөт коомдук талкууга алып чыкты. Ага ылайык, ИИМ алдындагы Милиция Академиясын өкмөткө караштуу Укук коргоо органдарынын Академиясы кылып кайра түзүү сунушталууда. Бул окуу жайда милиция кызматкерлери гана эмес, Жаза аткаруу тутумунун, Маңзатка каршы күрөшүү жана Бажы кызматтарынын кызматкерлерин даярдоо пландалып жатат. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, мындай демилгени президент Алмазбек Атамбаев көтөргөн.

ИИМ академиясы өлкөдө милиция кызматкерлерин даярдаган жападан жалгыз окуу жай. Бул окуу жай акыркы жылдары чырга малынып келет. Бир нече жолу курсанттардын тартипсиздиктери катталса, быйыл март айында окуу жайдын жетекчиси Алмаз Базарбаев менен жетекчинин орун басары Рахматилло Амираев "пара алды" деген шек менен кармалган.(BkA)

XS
SM
MD
LG