Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Пакистан премьери "Индия менен ишенимди арттыра турган сүйлөшүүлөр керек" дейт


Кашмирдеги чек ара линиясындагы Индиянын көзөмөл бекеттеринин биринин көрүнүшү, 7-август, 2013
Кашмирдеги чек ара линиясындагы Индиянын көзөмөл бекеттеринин биринин көрүнүшү, 7-август, 2013
Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф азыр Индия менен Пакистандын ортосунда 10 жыл мурдагы ок атууну токтотуш үчүн кабыл алынган келишимдин эрежесин сактоо “өзгөчө маанилүү” деп билдирди. Мунун алдынан Кашмирде жарадар болгон пакистандык жаранга кол салды деп Исламабад Индияны күнөөлөгөн болчу. Пакистандын расмий өкүлдөрү бүгүн эртең менен Кашмирдин Пакистан башкарган Татта Пани аймагында индиялык аскерлер бир тургунга ок чыгарышканын, ал оор абалында аскерий госпиталга жаткырылганын айтышкан.

Ага чейин Индия Кашмирде беш аскеринин шейшембидеги өлүмү үчүн Пакистанды айыптаган болчу. Исламабад болсо бул окуяга армия катышканын четке каккан.

Пакистан өкмөтүнүн башчысы Шариф азыр эки тараптын тең лидерлери ич ара ишеним арттыра турган “конструктивдүү” сүйлөшүүлөрдү өткөрүү зарыл деп эсептей турганын, сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында ал Индиянын жетекчилиги менен жолугуп, сүйлөшүүгө дилгир экенин билдирди.

Индия менен Пакистан ортодогу Кашмир аймагын талашып, буга чейин эки ирет согушкан.

XS
SM
MD
LG