Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:17

Тюмендеги рейдде кармалган 150 мигранттын ичинде кыргыз жарандары жок


Москванын "Садовод" базарындагы рейд, 7-август, 2013
Москванын "Садовод" базарындагы рейд, 7-август, 2013
Бул тууралуу “Азаттыкка” Тюмень шаарындагы “Биримдик” кыргыз диаспорасынын төрайымы Канзада Сманова бүгүн кечинде кабарлады. Ал жергиликтүү тартип коргоо органдарынан алынган маалыматка таянып, шаардагы базарда кечээги рейд учурунда кармалган мыйзамсыз мигранттардын документтери толук текшерилип бүткөнүн, азыр полициянын кармоо жайында беш адам калганын, калгандары бошотулганын айтты.

Бир аз мурдараак Кыргызстандын бул аймакты тейлеген Екатеринбургдагы консулдук кызматы рейдде тиги же бул өлкөнүн жараны кармалса, тартип коргоо органдары үч сааттын ичинде ал өлкөнүн консулдук кызматтарына кабарлашы керектигин билдирген эле.

Соңку рейдде кыргыз жарандары кармалганы тууралуу андай кабар түшө электигин кошумчалашкан. (TD)

XS
SM
MD
LG