Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:45

Иранда саясий туткундар Обамага кайрылышты


Саясий себептер менен камакта отургандар АКШ президенти Барак Обамадан Тегеран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мамилелерди жөнгө салуунун мүмкүнчүлүгүн караштырып көрүүнү өтүнүштү. Абактагылар жиберген катта "жаңы президенттин шайлануусу АКШ-Иран мамилесинин жаңы доорун баштоого шарт түзүп берди" деп жазылган.

Кат ээлери Обаманы жемиштүү сүйлөшүүлөр үчүн Иранга каршы киргизилген ар кандай санкцияларды алууга чакырышкан. Алардын белгилегени боюнча эл аралык санкциялардан биринчи кезекте карапайым эл жабыркоодо, “санкциялар Иран өкмөтүн гана эмес, жалпы элди кыйнаган жаза” деп эсептешет саясий туткундар.

Өзөктүк программасы үчүн БУУ Иранга бир катар эл аралык санкцияларды киргизген, алардын арасында Ирандын мунайын сатып алууга эмбарго коюлган.

XS
SM
MD
LG