Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:18

Сохтогу чек араны тосмолоо улантылат


Бул тууралуу жума күнү Баткенге иш сапар менен барган премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Анын айтымында, Өзбекстандын Сох анклавынын тегерегиндеги чек араны тосмолоо үчүн казынадан зарыл болгон каражаттар каралган. Бирок айрым аймактар тактоону талап кылууда. Өзбек тарап менен ушул аймактарды тактап алган соң, тикен зым менен тосмолоо иштери улантылмакчы.

Быйыл жыл башында Баткендин Чарбак айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Хушяр айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Анда хушярлыктар кыргыз айылына кирип келип, 30 адамды барымтага алып, бир канча машинени талкалаган. Бул окуядан соң Кыргызстан Сохтун айланасында чек араларды тосмолоо иштерин баштап, бирок көп өтпөй бул иштер токтоп калган болчу. (JsA\BkA)

XS
SM
MD
LG