Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

АКШ жабылган 19 дипмиссиясынын 18ин ачат


АКШнын Йемендеги элчилигинин жалпы көрүнүшү. 7-август, 2013-жыл.
АКШнын Йемендеги элчилигинин жалпы көрүнүшү. 7-август, 2013-жыл.
Мамлекеттик департаменттин билдиргенине караганда, Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африка өлкөлөрүндө терроризм коркунучунан улам жабылган элчиликтер менен консулдуктар эртеңден тарта кайра ачылат.

Бир гана Йемендин борбору Санадагы элчилик жабык бойдон калат. Бул жердеги элчилик кызматкерлеринин көпчүлүгү өлкөдөн чыгарылып кеткен.

АКШ мусулман мамлекеттериндеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн 19ун 4-августта жапкан болчу. Мамлекеттик департамент мындай чарага “ал-Каида” лидерлеринин чалгын кызматтары кармаган байланышында ири террордук чабуул тууралуу айтылганы себеп болгонун билдирген эле.

Башка коркунучтан улам АКШ ушул бейшембиде Пакистандын Лахор шаарындагы консулдугун да жапты. Ал жердеги дипкызматкерлер Исламабадга эвакуацияланды. (UE)

XS
SM
MD
LG