Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:02

Индияда алгачкы атомдук кеме деңизге чыгууга даяр турат


Суу алдында жүрүүчү жана өзөктүк реактору бар, Индиянын өзүндө жасалган туңгуч кеме деңизге чыгууга даяр экенин бүгүн өлкөнүн премьер-министри Манмохан Сингх жарыялады.

Сингх бул окуяны “жергиликтүү технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүдөгү эбегейсиз кадам” деп атады.

Индия салмагы 6000 тонна келген, 85 мегаваттык өзөктүк реактору бар INS Arihant кемесин курганы 2009-жылы белгилүү болгон. Ал былтыр Орусиядан ижарага алынган субмаринаны ишке киргизүү менен өзөктүк куралы бар кемелүү өлкөлөрдүн - АКШ, Кытай, Британия, Франция, Орусиянын катарына кошулган эле. (UE)

XS
SM
MD
LG