Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:31

Машина коюп кеткен журналисттердин бири ооруканада


10-августта Балыкчы-Каракол жолунда машина коюп кеткен журналисттердин бири Бишкектеги ооруканаага жаткырылды, калган төртөө үйүндө дарыланууда. Мындай маалыматты “Азаттыкка” "Жаңы агым" гезитинин кабарчысы, бутунан жараат алып үйүндө дарыланып жаткан Заирбек Ажыматов билдирди. Анын айтымында, “Де-факто” гезитинин кабарчысы Жакшылык Бердибек уулу Бишкектеги ооруканага жаткырылды.

Ысык-Көл облустук милициясы кечээ Жакшылык Бердибек уулунун башы жарылып, мээси чайкалганын, Заирбек Ажыматов менен Темирбек Алымбеков бутунан жараат алганын кабарлаган.

Кечээ Ысык-Көлдө өткөн веложарышты чагылдырып жаткан “Де-факто” гезитинин кабарчысы Жакшылык Бердибек уулу, “Алиби” гезитинин кабарчысы Темирбек Алымбеков, “Жаңы агым” гезитинин кабарчысы Зайырбек Ажыматов,“Супер-инфо” гезитинин кабарчысы Кубанычбек Сыдыков менен оператору Данияр Чарбеков жана жарышка катышып жаткан эки жергиликтүү тургунду машина коюп кеткен. (AKu)

XS
SM
MD
LG