Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

Түркмөнстанда “Коон күнүн” белгилешүүдө


Түркмөнабат шаарында "Коон күнүн" майрамдоо 7-августта эле башталган.
Түркмөнабат шаарында "Коон күнүн" майрамдоо 7-августта эле башталган.
Коондун өлкө тарыхы менен маданиятындагы маанисин көргөзүү үчүн бул майрам 1994-жылдан бери августун экинчи жекшембисинде белгиленип келет. Бул күнү жармаңкелер менен базарларда калкка жана меймандарга Түркмөнстандын түрдүү аймактарында өстүрүлгөн коондон даам татуу сунуш кылынат.

Ошондой эле коон өстүрүү боюнча уюштурулган сынактардын ээлерине сыйлыктар тапшырылат. Борбор Ашхабаддагы майрамдык иш-чара концерттер менен коштолууда.

Түркмөнстандык билемандардын ырастоосунда, коондун дүйнөдөгү 1600 түрүнүн кеминде 400үнүн Түркмөнстанга тарыхый жактан байланышы бар. (UE)

XS
SM
MD
LG