Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Йеменде АКШнын соккусунан эки согушкер жок кылынды


Окуя өлкөнүн түштүктөгү Лахж провинциясында болду. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, “ал-Каида” согушкерлери деп шектелгендерге каршы АКШнын учкусуз башкаруудагы учагы бул чөлкөмдө биринчи ирет сокку урду. Өзү 27 июлдан бери АКШнын ушундай соккусунан 38 согушкер мерт болгон. Алардын жетөөсү саудиялыктар.

Акыркы соккулар АКШ Йеменден дипломатиялык кызматкерлерин эвакуациялаган учурга туш келди. Буга “ал-Каида” террорчулары чабуул даярдап жатат деген чалгын маалыматтары себеп болгон.

АКШ Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африка өлкөлөрүнөн жапкан дипмиссияларынын 18ин бүгүн ачканы жатат. Бирок Йемендеги элчилик менен Пакистандын Лахор шаарындагы консулдук жабык бойдон кала бермекчи. (UE)

XS
SM
MD
LG