Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Москва мэринин милдетин аткаруучу телетаймашка катышпайт


Сергей Собяниндин расмий өкүлүнүн айтымында, ал 8-сентябрдагы шайлоодогу атаандаштары менен телейтаймашка чыккандын ордуна, көңүлдү шайлоочулар менен түз байланышка бурмакчы. Собяниндин өкүлү мындай кадамдын себептери тууралуу айткан жок. Бирок баяндамачылар пикиринде, Собянин оппозиция талапкери Алексей Навальный менен телетаймашка чыккандан кетенчиктеп тургандай.

Навальный ушул аптада Собяниндин жашы жете элек кызы Москвада базардагы наркы 5 миллион доллардан ашуун батирге ээлик кылары боюнча маалыматтарды жарыялап, бул мэрдин милдетин аткаруучунун үй-бүлөсү декларациялаган кирешеге шайкеш эместигин билдирген.

Кремль болсо ал батир Собянинге президенттин администрация башчысы болуп иштеп турган кезинде мыйзамдуу берилгенин айтып чыкты.

Москва мэрине талапкерлердин телетаймаштары эртең башталат. (UE)

XS
SM
MD
LG