Иш чарга барган “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, форумдун жыйынтыгында 20 бөлүктөн турган резолюция кабыл алынат. Анын биринчи бөлүгүндө уруулук жана регионалдык бөлүнүүдөн оолак болуп, коомдо туруктуулуктуу сактоо тууралуу жазылган. 10-августта башталган эки күндүк форумда аймактагы көйгөйлөр талкууланып, элди ынтымакка чакыруу тууралуу сөз болуп жатат. Анда Ысык-Көлдө жыл башынан бери уюштурулган каршылык акциялар, башаламандыктар тууралуу да кеп козголду. Маданий иш-чаралар, ат оюндары менен коштолуп жаткан жыйынга облустун ар бурчунан жашоочулар жана мамлекеттик жетекчилер катышууда. (MK/AKu)