Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Кыргызстан кубогунун жарым финалында ойной турган топтор аныкталды


Кыргызстандын футбол командалары футбол боюнча Кыргызстан - 2013 кубогу үчүн жарым финалдык оюнга чүчүкулак кармашканын “Азаттыкка” федерациянын башкы катчысы Дастан Конокбаев билдирди. Натыйжада өлкө кубогу үчүн жарым финалга Бишкектин "Алга","Дордой" , Канттын "Абдыш-Ата" жана Оштун "Алай" командалары чыккан.

Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча, өлкөнүн 8 жолку чемпиону жана 2012-жылдын кубогунун ээси "Дордой" Канттын "Абдыш-Ата" клубу менен беттешмек болду. Экинчи жарым финалда Бишкектин "Алга" командасы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Оштун "Алай" командасы менен ойнойт.

Биринчи жарым финалдык оюндар 18- августта өтөт. Ал эми 25- августта "Дордой" өз стадионунда "Абдыш-Ата" менен беттешсе, "Алай" Ошто "Алга" менен күч сынашат. (КМа)

XS
SM
MD
LG