Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:48

АКШ террор коркунучунан кийин жабылган элчиликтерин ачууда


Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африка өлкөлөрүндөгү дипмиссиялардын он тогузу 4-августта жабылган болчу. Буга чалгын кызматтарынын “ал-Каида” жана ага байланышы бар уюмдар теракт жасашы мүмкүн деген маалыматы себеп болгон.

Бүгүн АКШ Бириккен Араб эмираттарынын борбору – Абу-Дабидеги элчилиги менен Дубайдагы консулдугун кайра ачты. Ливиядагы консулдук да ачылды. Калган өкүлчүлүктөр да ачылат деп күтүлүүдө. Мурдараак АКШ расмий өкүлдөрдүн жабылган элчиликтер менен консулдуктар ичинен Йемендеги элчиликтен башкасы ушул апта ичи кайра ачыларын билдиришкен.

Маалыматтарга караганда, чалгын кызматтары кармаган байланышта “ал-Каида” лидери Айман ал Завахри теракт боюнча көрсөтмөнү уюмдун араб жарым аралындагы башчысына берген. “Ал-Каиданын” араб жарым аралындагы бөлүмү Йеменде жайгашкан. (UE)

XS
SM
MD
LG