Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

Израиль Батыш жээкте миңден ашуун жаңы үй курат


Иордандын Батыш жээги менен Чыгыш Иерусалимде миңден ашуун жаңы үй курулары тууралуу жарыя Израль менен Палестина түз сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасын өткөрөрдөн үч күн мурда жасалып олтурат. Конуштар маселеси боюнча пикир келишпестиктен улам 2010-жылы токтоп калган сүйлөшүүлөр АКШнын ортомчулугу астында өткөн айда жанданган.

Палестиналыктар Израиль талаш аймактардагы конуштардын курулушун тоңдурмайнча эч кандай сүйлөшүү болбой турганын узактан бери айтып келишкен. Палестина АКШ ортомчулук кылган сүйлөшүүлөрдү кайра жандандырууга Израиль түрмөдө узактан бери олтурган 100дөн ашун палестинди бошоткондон кийин макул болгон.

Израилдин 500 миңден ашуун калкы Иордандын Батыш жээги менен Чыгыш Иерусалимдин алар1967-жылы оккупациялап алган аймактарындагы ондогон конуштарда жашайт.

Палестиндердин бир бөлүгү Чыгыш Иерусалимди болочоктогу мамлекетинин борбору катары көрөт.(UE)

XS
SM
MD
LG