Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:18

АКШ убактылуу жабылган өкүлчүлүктөрүнүн ишин жандантты

Американын Араб эмираттары, Абу-Даби, Ливиядагы элчиликтери жана Дубайдагы консулдугу жекшембиден тарта иштей баштады, калгандары бул жумадан тартып ишин жандантат.

АКШ бийлиги коопсуздук чарасы үчүн 4-августтан тартып Жакынкы Чыгыштагы жана Түндүк Африкадагы 19 өкүлчүлүгүнүн ишин убактылуу токтоткон. Ушундай эле коопсуздук чарасын айрым Батыш өлкөлөрү да көрүшкөн. Өкүлчүлүктөр “ал-Каида” жана башка террордук уюмдардын кол салуусунан сактануу үчүн жабылган.
​
XS
SM
MD
LG