Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

Ошто кытай товарларынын жармаңкеси өтөт


Эртең Ош шаарында Кытайда өндүрүлгөн айыл чарба буюмдарынын жана техникасынын 3 күндүк жармаңкеси башталат. Ага Кытайдын алты провинциясындагы 70 ишкананын товарлары коюлат. Иш-чараны өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү Кытайдын Синьцзян уйгур автономиялуу районунун жана Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусунун бийлиги менен бирге уюштурууда. Өкмөт өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Шайлообек Козубаевдин «Азаттыкка» билдиришинче, Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрынын короосунда өтө турган жармаңкеге Кытайда өндүрүлгөн экспорттук товарлар, техникалар жана айыл чарба жабдыктары коюлат.

Жармаңкенин жүрүшүндө жергиликтүү ишкерлер үчүн кытайлык өндүрүш ишканаларынын жетекчилери менен келишим түзүүгө, керектүү жабдыктарды, техникаларды сатып алууга мүмкүнчүлүк жаралат. Жармаңке 16-августка чейин уланат.(SE)

XS
SM
MD
LG