Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Усэйн Болт дүйнө чемпиону наамын сактап калды


Ямайкалык 26 жаштагы спринтер - “Куюн Мамыт” жекшемби күнү Москванын "Лужники" стадионунда болгон жарышта 100 метрди 9. 77 секундада чуркады. Усэйн Болт 2009-жылкы Берлиндеги чемпионатта бул аралыкты 9. 58 секундада чуркап, дүйнөлүк рекорд койгон. Эки жыл илгери Түштүк Кореядагы чемпионатта тапанчадан ок атылганча чуркап кетип, мелдештен чыгып калган.

Москва чемпионатында АКШдан келген күлүк Жастин Гэтлин (9. 85) күмүш медаль, ямайкалык Настин Картер (9. 95) коло медаль утту. Усэйн Болт дүйнөнүн алты жана Олимпия оюндарынын алты жолку чемпиону, 8 жолу дүйнөлүк рекорд койгон.

XS
SM
MD
LG