Пакистан армиясынын бүгүн билдиргенине караганда, Индия армиясы чек ара катары белгилүү “көзөмөл тилкесиндеги” үч аймакты аткылаганда бир пакистандык курман болгон. Расмий маалыматта Пакистан армиясы да каршылык көргөзүп, ок ачканы белгиленет. Индия тарап бул окуяга байланыштуу расмий билдирүү жасай элек.
Индия-Пакистан ортосунда жайгашкан Кашмир аймагындагы чек ара чатагы 6-августта индиялык беш аскер барымтага кабылып өлгөндөн кийин осолдоп кетти. Жекшемби күнү Пакистан жана Индия аскерлери Кашмирде атышкандан кийин мусулман калк отурукташкан талаштуу аймакта ок атышпоо тууралуу 10 жыл мурдагы макулдашуу сакталабы деген суроо жаралууда.