Египет өкмөтү бийликтен кулатылган президент Мухаммед Мурсинин жактоочуларынын Каирдеги эки лагерин күч менен таркатуу планынан баш тарткан сыяктуу. Протестчилердин лагери - бөөдө кырсыкты азайтуу үчүн- суу бүркүп жана көздөн жаш агызчу газ колдонуу менен акырындап таркатылары дүйшөмбү күнү маалымдалган. Ага карабай, алиге чара көрүлө элек. Кечээ Каирде он миңдеген адамдар күн бою Мурсинин атын кыйкырып, демонстрация өткөрүштү. Мурси 3-августта бийликтен оодарылгандан бери анын миң-миңдеген тарапкерлери Каирде чатырлардан эки лагерь куруп алышып, аны ордуна кайра отургузууну талап кылышууда. Андан берки кагылыштарда 250дөн ашуун адам апаат болду.
АКШ Египеттеги жагдайга тынчсызданганын билдирди. 12-августта Мамдепартаменттин өкүлү Марие Харф Вашингтон башынан эле тараптарды зобун-зордукка барбоого, бийликти адамдардын тынч демонстрацияга чыгуу укугун урматтоого чакырганын маалымдады:
- Египет жетекчилиги жарандардын тынч жыйындарды өткөрүү укугун сыйлоого моралдык жана мыйзам жактан жооптуу экенин биз такай айтып жүргөнбүз. Бизди бүгүн Египетте зобун-зордуктун башталып кетүү мүмкүнчүлүгү аябай тынчсыздандырууда.