Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:44

Нарында жол кырсыгынан 4 окуучу каза болду


Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынан кабарлашкандай, кырсык кечээ түш ченде Нарын-Баетов жолунда болгон. Алдын ала маалыматта рулда 16 жаштагы Т.У. аттуу өспүрүм болгон. Ал “Гольф” үлгүсүндөгү машинени ата-энесинин уруксатысыз айдап чыгып, жол четиндеги даракты сүзгөн. Кырсыктан автоунаа ичинде отурган Нарын шаарындагы №8 орто мектептин 10-классынын 4 окуучусу мерт кеткен. Эки окуучу жаракат алып, Нарындагы ооруканага жаткырылды. (BkA)

XS
SM
MD
LG