Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:21

Бишкекте 3 жашар кызды зордуктаганга шектүү адамдын соту болуп жатат


Бул тууралуу Жогорку Соттон кабарлашты. Маалыматка ылайык, сот иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жабык өтүп жатат.

Үрөй учурган окуя 25-апрелде Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо жаңы конушунда болгон. Шаардык милициянын маалыматында, бул конуштун тургуну, 29 жаштагы Үсөн Сакатаев аттуу жаран мас абалында өзүнүн 3 жаштагы кызын сабап, зордуктап, денесине оор залал келтирген деп шектелген.(BkA)
XS
SM
MD
LG