Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Акыйкатчылыкка арыз бергендердин саны 28ге жетти


Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашкандай, акыйкатчынын кызматы үчүн бүгүнкү күнгө карата 28 жаран арыз тапшырды. Алардын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары, укук коргоочулар, милиция, прокуратура кызматкерлери, адвокаттар, дарыгер жана мугалимдер бар.

Ушул жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш Турсунбек Акунду “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошотулушуна катышы бар деп акыйкатчылыктан бошоткон болчу. Бул орунга сынак жарыялап, 15-августка чейин талапкерлерден документ кабыл алынары бергилүү болгон. Жаңы акыйкатчы сентябрь айында тандалмакчы. Бирок Турсунбек Акун парламенттин бул чечими мыйзамсыз экенин айтып, Бишкек шаардык райондор аралык сотко кайрылды. Бул чечимди жокко чыгаруу боюнча соттун алгачкы отуруму 16-августка дайындалган.(BkA)

XS
SM
MD
LG