“Центерра Голд” компаниясы менен кыргыз өкмөтү ортосундагы Кумтөр кени боюнча сүйлөшүү 17-августтан тарта башталат. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев дүйшөмбү күнү билдирди. Анын айтымында, “Центерра Голд” менен “Кумтөр Оперейтинг” жана “Кумтөр Голд” компанияларын бириктирип бир ишкана түзүү, “Центерра голддун” директорлор кеңешине эки тараптан теңме-тең мүчөлөрдү дайындоо боюнча макулдашылды. Учурда Кыргызстан менен “Центерра Голддун” ортосундагы акциялардын катышы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Жогорку Кеңеш жазында Кумтөр кениндеги абалды талкуулагандан кийин "Центерра голд инк.” компаниясы менен сүйлөшүү үчүн кыргыз өкмөтүнө үч ай берген. Кийин бул мөөнөт күзгө чейин узартылган.
Кендин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия 2009-жылы “Центерра” менен өкмөттүн ортосунда түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келет деп сыпаттап, аны бузууну сунуштаган болчу.(BkA)