Орусиянын оппозициячыл “Левый фронт” кыймылынын лидери Алексей Сахнин Швециядан саясий башпаанек сурады. Сахниндин “Швеция радиосуна” айтышынча, ал 2012-жылы Москванын Болотная аянтындагы тополоңго байланыштуу камакка алынбайын деп бир ай илгери качып келген. Анын эки санаалашы, Солчул фронттун лидерлери Сергей Удальцов менен Леонид Развозжаевге Болотная аянтындагы нааразылык акциясын уюштурган деген айып тагылган. Тергөөчүлөрдүн айтымында, тополоңдун демилгечилери грузиялык саясатчылар болгон. Аталган аянтта полиция менен болгон кагылышта бир нече адам жана полициячы жараат алган. Оппозиция тополоңду “кутумчулук” деп атаган. Ага байланыштуу 30дай адам айыпталып, экөө соттолгон. Ушу тапта 12 айыпталуучунун иши сотто каралууда.