Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:41

ИИМдин мурдагы бөлүм башчысы 5 жылга кесилди


ИИМдин мыйзамсыз маңзат жүгүртүүгө каршы түштүк башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Кудайбердиев 5 жылга кесилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Андагы маалыматка ылайык, Кудайбердиев бул башкармалыктын штаттан тышкары Махаматжанов аттуу кызматкери менен былтыр ноябрь айында 5 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Тергөөнүн жыйынтыгында белгилүү болгондой кармалгандар Ош шаарынын тургунун коркутуп, 15 миң доллар акча талап кылган. Бул боюнча кылмыш иши козголгон. 29-июлда Ош шаардык соту кармалгандарды Кылмыш-жаза кодексинин опузалап акча талап кылуу беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, Кудайбердиевди 5 жылга, Махамаджановду 4 жылга эркинен ажыратты.(BkA)

XS
SM
MD
LG