Грузиянын жана Кошмо Штаттардын деңиз күчтөрү Кара деңиздин Батуми шаарына чукул бөлүгүндө аскердик машыгуу өткөрдү. Ага АКШнын U.S.S. Bulkeley кемеси жана Грузиянын деңиз чек ара бөлүгүнүн эки чакан кемеси катышты. Алар деңизде аскерлерге жардам көрсөтүү, анын ичинде чек араны бузган кемелерди токтотуу сыяктуу операцияларды аткарышты. Ал эми грузиялык өрт өчүрүүчүлөр АКШ кемесиндеги жасалма өрттү токтотту. Ишемби күнү U.S.S. Bulkeley кемесин тосуп алуу салтанатына президент Саакашвили менен премьер-министр Иванашвили катышкан. Америкалык согуштук кеме Грузиянын жээгин бүгүн аскерий манёвр аяктаар замат таштап кетет.