Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Баткенде шахтада калган үч кишини куткаруу аракети уланып жатат


Самаркандек айылында кечээ көчүп түшкөн шахтанын ичине суу да толуп калганы кабарланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткендеги куткаруучулары кырсык болгон жерде кечээ кечтен бери куткаруу иштерин жүргүзүп жатышат. Аймактагы кабарчыбыздын билдиришинче, куткаруучулар түнү менен суу тарттырып чыгышты.

Облустун Самаркандек айылындагы кол менен көмүр казуучу шахта кечээ болжол менен саат 20лар чамасында көчүп кетип, оозу тосулуп калган. Шахтанын ичинде иштеп жаткан үч киши чыгалбай калганы айтылууда.

Кыргызстанда көмүр кенин кол менен стихиялуу түрдө казып алуудан улам шахтанын урандысында калып, кырсыкка учурагандар ондоп саналат.(JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG