Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 04:37

Египетте кагылыштан бир киши өлдү


Мурунку президент Мухаммед Мурсинин тарапкерлери жана каршылаштарынын кагылышынан Каирде дагы он чакты киши жаракат алды. Рейтер агенттигинин маалыматы боюнча өлгөн киши “Мусулман агайындар” кыймылынын мүчөсү, кыймыл ок чыгарды деп полицияны айыптоодо.
Мурдараак полиция каршылашкан тараптарды токтотуу үчүн көздөн жаш агызчу газды колдонгон.
“Мусулман агайындар” 3-июлда армия тарабынан бийликтен четтетилген Мурсини кайра бийликке апкелүүнү талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG