Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:54

Чолпон-Атада сел жүрдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Чолпон-Ата шаарында кечээ кечинде катуу жааган жамгырдан улам сел жүргөн. Селдин кесепетинен шаардагы 4 үйдүн короо-жайларын суу каптап кеткен. Учурда шаар тургундарынын күчү менен селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Жергиликтүү жарандык коргоо комиссиянын кызматкерлери да иш алып барууда.

12-августта да Ысык-Көлдүн Түп районундагы Чоң-Таш жана Талды-Суу айылдарында сел жүрүп, 5 үйдү суу каптаган. (BkA)
XS
SM
MD
LG