Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:20

Пан Ги Мундун Пакистандагы сапары аяктоодо


Пилотсуз учактардын чабуулдары эл аралык мыйзамдар менен жөндөлүшү абзел. Улуттар уюмунун башкатчысы Пан Ги Мундун Исламабад университетинде айтышынча, пилотсуз учактарды согуштук максатта колдонууда “жаңылыштыктарга жана адам өлүмүнө жол бербөө үчүн бардык аракеттер жасалууга тийиш”.

Пан кечээ Пакистанга эки күндүк сапарга келген. Ал "расмий Исламабад уруулардын башкаруусундагы Ооганстанга чектеш аймактарда АКШнын пилотсуз учактарды колдонуусу - Пакистандын эгемендигин жана эл аралык мыйзамдарды бузууга жатат",- деп аны токтотконго аракет кылууда.

Вашингтон пилотсуз учактардын чабуулдарын “ал-Каида” менен талибан согушчандарына каршы уруштагы маанилүү курал деп эсептейт. Пан Ги Мундун визити Пакистан - Индия арасындагы абал курчуп турган кезде өтүүдө.(AU)

XS
SM
MD
LG