Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:18

Баткен: шахтада калгандардын аты-жөнү аныкталды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кабарлашынча, Самаркандек айылындагы шахта урандысында калган үч адамдын тек-жайы аныкталды.

Уранды ичинде калган аталган айыл тургундары 36 жаштагы Сатар Абдрахманов, 22 жаштагы Тажыбай Абдрахманов жана Баткен шаарынын тургуну 36 жаштагы Бакыт Айдаров болуп чыкты. Алардын ал-абалы азырынча белгисиз. Учурда 20дан ашык куткаруучу жана 30га жакын жергиликтүү тургундар шахта ичинен издөө иштерин улантышууда. Ушу тапта шахта ичиндеги суу 2 насос менен сыртка сордурулуп жатат.

Кырсык кечээ саат төрт чамасында болгон. Анда катуу жааган жамгырдан улам көмүр шахтасы көчүп, оозу тосулуп калган.(BkA)

XS
SM
MD
LG