Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Ошто муктаждарга гуманитардык жардам таратылды


Ош шаарындагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жана балдар үйлөрүнө гуманитардык жардам иретинде азык-түлүк таратылды. Иш-чараны “Эргэнэ” коомдук фонду уюштуруп, аны Youth of Osh коомдук бирикмесинин кызматкерлери ишке ашырды.

Аталган бирикменин жетекчиси Айжан Токтошева “Азаттыкка” билдиргендей, 15 тоннага жакын азык-түлүк каражаттары шаардагы балдар үйлөрүнө, жетим-жесирлер менен иш алып барган мекемелерге жана колу жука үй-бүлөлөргө 12-13-август күндөрү берилди.

Уюштуруучулар билдиргендей, жардам катары таратылган азыктар негизинен витаминдештирилген кургак жемиштер. Алар Кыргызстандын мамлекеттик эпидемиологиялык департаменти жана АКШнын айыл-чарба департаменти тарабынан текшерилип, сертификатталган. Тамак-аш 2524 адамга ылайыкталган.

Иш-чара «Азык-түлүк Тынчтык үчүн» программасынын алкагында ишке ашып, ал АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги жана The Resource and Policy Exchange эл аралык уюму тарабынан каржыланды. (SE)

XS
SM
MD
LG