Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:24

Мурсичилердин Каирдеги бир лагери тазаланды


Египеттин коопсуздук күчтөрү исламчылардын Каирдеги эки лагерине чабуул жасады. Лагерди конуш жай кылып алган адамдар 3-августта бийликтен оодарылган исламчыл президент Мухаммед Мурсини кайра ордуна отургузууну талап кылып жатышкан.

Аскерлер Нахда аянтындагы чакан лагерди толук көзөмөлгө алганын Египеттин Ички иштер министрлиги кабарлады. Улуттук телеканалдын маалымдашынча, Раба ал-Адавия мечитинин алдындагы чоң лагерди тазалоо операциясы улантылууда. Чабуулда набыт болгондор тууралуу карама-каршы маалыматтар айтылууда. Күбөлөр бери дегенде 15 адам экенин айтышса, “Мусулман агайындар” 100дон ашуун адам апаат болду дешип, “кызыл кыргынды” токтотуу үчүн египеттиктерди жапырт көчөгө чыгууга чакырышууда. Бийлик бир да жаран өлбөгөнүн, бирок эки полициячы мерт болгонун билдирди.

XS
SM
MD
LG