Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:45

Казакстанда экстремисттик топтун мүчөлөрү соттолду


Астана шаардык соту топтун анабашы Серик Кошалаков менен дагы бир мүчөсү Али Шариповду 10 жылга катаал режимдеги абак жайга кести. Экстремисттик топтун мүчөлөрү Агзам Каскабаев менен Сырымбет Жунусов алты жылга, Батырлан Абдикеров беш жарым жылга эркинен ажыратылды. Аларга террордук топту негиздеген, теракт уюштуруп, коопсуздук кызматында иштеген жана мартабалуу өкмөттүк орундарды ээлеген адамдарды өлтүрүүнү мерчемдеген деген айып тагылды. Прокурордун билдиришинче, береги алтоо Астанадагы Опера жана балет театрын жардырып, Түндүк Кавказдагы ислам эрегишчилерине акчалай жардам жиберүүнү көздөшкөн. Сот жабык өттү.

XS
SM
MD
LG