Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:52

Ооганстанда аял депутаттын уурдалганы тастыкталды


Ооган бийликтери парламент мүчөсү Фариба Ахмади Какар айым уурдалганын тастыктады.

Полициянын бүгүн маалымдашынча, Какар айым дем алыш күнү ортолуктагы Газни провинциясына үч баласы менен барган кезде уурдалган. Дүйшөмбү күнкү операция учурунда Фариба айымдын балдары бошотулганын, бөлөк жерде жашыруун кармалган депутат азыр изделип жатканын Газнинин орун басар губернатору Али Ахмади билдирди. Полициянын айтымында, барымтачылар абактан төрт талибди чыгарууну талап кылууда. Талибдердин өкүлү Забиулла Мужахид уурдалган депутат тууралуу анда эч кандай маалымат жок экенин билдирди.

Какар айымдын жоголгону тууралуу маалымат пайда болгондо, анын күйөөсү зайыбы уурдалбай эле Түркияда жүрөт десе, туугандары ооруканада жатат деп чыгышкан. Какар айымга чейин мурда башка бир аял парламентарий - Рух Гүл уурдалган болчу.

XS
SM
MD
LG